• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда 1-июлда пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, буга чейин пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.

"Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштоо чечими кабыл алынды. Минималдуу пенсиялык төлөм 6 миң 800 сомдон кем болбойт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий