• 87.86
  • 93.94
  • 1

КР ТИМ башчысынын орун басары Имангазиев Бангладеш элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Ислам Монирул (резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан) менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бангладеш тарапка чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Кыргыз тарап Кыргызстандагы Бангладеш жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Алмаз Имангазиев элчиге ишенимдүү жана расмий түрдө тастыкталган маалыматты коомчулукка жеткирүү, ошондой эле маалымат мейкиндигинде чындыкка дал келбеген маалыматтарды токтотуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий