• 87.86
  • 93.94
  • 1

Нарын дарыясына түшүп кеткен эки кыз табыла элек. Издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Нарын дарыясына түшүп кеткен эки кызды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине 11 куткаруучу, 10 милиция кызматкери тартылды.

Эске салксак 12-майда саат 11:00 чамасында Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 5 жашар Ж.Р. аттуу кыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ошондой эле 14-майда саат 12:10 чамасында Нарын шаарында Нарын дарыясына 4 жашар А.И. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

Издөөнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий