• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда унаа дарыяга кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Жалал-Абадда унаа Нарын дарыясына кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында “Toyota-Wish” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясына болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала каза болуп, беш эркек адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда баарынын өздүгү такталууда.

Жерине 5 куткаруучу, тез жардам кызматы, ИИМден 5 кызматкер тартылган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий