Баткенде 60 турак үй сел кооптуулугунан корголууда

Аймак 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Булак айылында сай тазаланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сел өткөрүүчү сайды тазалоо иштерине бульдозер тартылып, учурда жумуштун көлөмү аяктоо алдында турат.

Аталган участкадагы тазалоо иштери жыйынтыкталса, Кара-Булак айылындагы 60 турак үй, 1500 метр ички чарбалык арык жана 2000 метр ички чарбалык жол кооптуулугунан корголот.

Пикир

Оставить комментарий