• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ат-Башы районунун Калинин айылында асыл тукум уй фермасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Ат-Башы районунун Калинин айылында асыл тукум уй фермасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ири асыл тукум уй фермасы жеке ишкер Самарбек Өмүракунов тарабынан ачылды.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, бул саамалык облустагы асыл тукум малдын башын өстүрүүнүн, сүт кластери менен комплекстүү иш алып баруунун талабына ылайык келген жемиштүү аракеттердин бири.

"Бүгүнкү күндө облус боюнча 200 миңдей ири мүйүздүү мал, 140 миңдей жылкы, 1 миллиондон ашык кой-эчки бар. Малдын санын сапатка өткөрүү, тукумун жакшыртуу аркылуу продуктивдүүлүгүн көтөрүү учур талабы экенин эл да жакшы түшүнүп калды. Учурда Кочкор, Жумгал, Ат-Башы райондорунда жана Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ишмердүүлүк кылганы менен сүттүн жетишсиздигинен толук кубаттуулукта иш алып бара албай келишет. Ошондуктан сүт багытындагы асыл тукум уй фермаларын куруу зарылчылыгы турат. Мындай шартта Калинин айылына заманбап уй ферма ачылып жатканы бизди кубандырат. Бул иш башка райондорго сөзсүз жайылтылышы керек",- деди уй фермасынын ачылышына катышкан облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев.

Иш чарада Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров сүт тармагын комплекстүү өнүктүрүүдө малдын асылдуулугун арттыруу аркылуу сапаттуу сүт өндүрүүгө жетишүү, ветеринардык тейлөөнүн, сүт кабыл алуучу жана чогултуучу пункттардын сапатын жакшыртуу, тоют базасын тез арада түзүү кечиктирилгис милдеттерден экенин билдирди.

Уй фермасынын жетекчиси, жеке ишкер Самарбек Өмүракуновдун айтымында, долбоор зарылчылыктан улам 2019-жылы башталган. Долбоорду ишке ашырууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 пайыз үстөк менен 500 миң доллар насыя алып, бул каражатка ферма куруп, 64 асыл тукум уй алган. Мындан сырткары, ЮСАИД уюмунун колдоосу менен грант катары 100 миң долларлык жабдуулар алынып берилген. Фермада тоют базасы, жана башка бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Уй фермасынын ачылышында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, ЮСАИД уюмунун өкүлү Жылдыз Ниязалиева жана башкалар сөз сүйлөп, ийгилик каалашты.

Пикир

Оставить комментарий