Президент: Малайзия премьеринин сапары эки өлкөнүн кызматташуу тарыхында жаркын из калтырат деп ишенем

Президент 0


Бишкек, 15.05.24./Кабар/. Бүгүн, 15-майда, президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчысы сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу премьер-министр,

Эң алгач, Сизге жана Сизди коштогон делегацияга меймандос кыргыз жерине кош келиңиздер демекчимин.

Биздин алгачкы жолугушуубузга абдан кубанычтамын жана Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыруумду кабыл алганыңызга ыраазычылык билдирем.

Ушул учурдан пайдаланып, Малайзия Парламентинин Сенатынын төрагасы Мутанг Тагал мырзанын мезгилсиз дүйнө салгандыгына Сизге жана Малайзия элине көңүл айтам.

Урматтуу премьер-министр, Сиздин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарыңыз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүүгө чоң салым кошот деп ишенем.

Албетте, бүгүнкү жолугушуубуз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун ар тараптуу багыттарын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыргызстан менен Малайзия мындан 32 жыл мурун, 1992-жылы дипломатиялык байланыштарды түзүп, андан бери ар дайым бири-бирин колдоп, кызматташууну улантып келүүдө.

Бул өңүттө эң маанилүү нерсени баса белгилейм – Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда кандайдыр бир саясий карама-каршылык жок.

Соңку айларда биздин эки тараптуу кызматташуубуздун активдүү жанданышы бизди кубандырат.

Алсак, Малайзиянын тышкы иштер министринин Кыргызстанга расмий сапары болду, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жана тышкы иштер министрибиздин Малайзияга сапарлары ишке ашырылды.

Ал эми бүгүн болсо Сиздин расмий сапарыңызга күбө болуп жатабыз.

Сиздин бүгүнкү сапарыңыз Кыргызстан жана Малайзиянын кызматташуу жана достук тарыхында жаркын из калтырат деп ишенем.

Мындай жогору деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар жана сапарлар биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого умтулуп жатканыбызды ачык көрсөтүп жатат.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Малайзиянын парламенттер аралык байланыштарын дагы колдойбуз.

Буюрса, күзүндө Малайзия Парламентинин делегациясынын Кыргызстанда күтөбүз.

Азыркы күнгө өлкөлөрүбүздүн ортосунда келишимдик-укуктук база түптөлдү (19 келишим), бирок учурдун талабына жана биздин кызматташууну мындан ары бекемдүүгө зарыл болгон жаңы келишимдер менен макулдашууларды иштеп чыгышыбыз керек деп ойлойм.

Урматтуу премьер-министр,

Кыргызстан бүгүнкү күндө чечкиндүү реформалар аркылуу белгилүү жетишкендиктерге жетип, социалдык, экономикалык жана саясаттык өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жатат.

Мисал катары, 2021-жылдан тартып Кыргызстандын ички дүң өнүмү жылына болжолдуу 7%га өсүп жатат.

Былтыр өлкөбүздүн ички дүң өнүмү 1,2 триллион сомдон ашты. Бул көрсөткүч экономиканын өнүгүү тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй көрсөткүч болду.

Учурда заманбап санариптик технологияларды киргизүү, социалдык маанилүү объектилерин куруу жана модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ушул багыттарда Кыргызстан үчүн жаңы технологиялар, жаңы билим, жаңы инвестициялар керектелип жатат.

Бул үчүн менин жеке көзөмөлүм астында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча бардык чаралар көрүлүп, чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктер жана артыкчылыктар берилүүдө.

Малайзия экономикасынын өнүгүүсүнүн модели жана ар тараптуу социалдык экономикалык жетишкендиктери "Азия жолборсу" наамына татыктуу болгондугун баарыбыз жакшы билебиз.

Малайзиянын өнүгүү модели башка өлкөлөр үчүн, биздин аймак үчүн көрүнүктүү үлгү катары болуп саналат.

Өз кезегинде, Кыргызстан да келечекте өзүнүн өнүгүү жолунда "Борбордук Азиянын илбирси" болоруна тилектешмин.

Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө" кол коюу чоң мааниге ээ.

Бул документ кыргыз-малайзиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн "Жол картасы" катары болуп калат.

Урматтуу премьер-министр,

Менин билишимче, Сиз Кыргызстандан кийин Борбор Азия аймагынын башка өлкөлөрүнө да сапар кыласыз.

Сапарыңыздын алкагында Сиз биздин аймагыбыздын бай тарыхы, маданияты, заманбап абалы менен кеңири тааныша аласыз деп ойлойм.

Бүткүл аймактын өнүгүүсү жана бакубатчылыгы ар бир коңшу мамлекеттин аракетинен көз каранды. Кыргызстан Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн бири катары өз учурунда колунан келген салымын кошуп, күч аракетин жумшап турат.

Бул өңүттө, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жыл сайын өтүүчү Консультативдик жолугушууларынын форматын баса белгилейм.

Орто Азия аймагы башка аймактар менен кызматташууну өнүктүрүүдө.

Биздин чөлкөм Түштүк-Чыгыш Азия региону менен өнөктөштүгүнүн чоң дарамети бар.

Ушуга байланыштуу, биз соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну чыңдоо максатында АСЕАН мамлекеттери менен байланыштарды кеңейтүү менен тереңдетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатабыз.

Маалымат иретинде: АСЕАН уюумуна Малайзия, Индонезия, Сингапур, Таиланд, Филиппины, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа өлкөлөрү кирет.

Белгилүү болгондой 2025-жылы Малайзия АСЕАНга төрагалык кылат. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Кыргызстан тарабынан Борбордук Азиянын АСЕАН өлкөлөрү менен аймактык аралык диалогду түзүүгө сунуштайбыз.

Кыргызстан бул багытта иш аракеттерин жумшоого даяр.

Менин оюмча, аймактык аралык диалог Борбордук Азияга да, АСЕАН өлкөлөрүнө да экономикалык байланыштарды өнүгүүдө тең пайдалуу болору шексиз.

Урматтуу премьер-министр,

Кыргызстан менен Малайзиянын ар тараптуу кызматташуусунун кеңири дарамети бар.

Азыркы учурда биздин эки өлкөбүздүн соода-экономикалык кызматташтыгы баштапкы баскычында турат.

Эгер биз күч-аракетибизди бириктирсек, келечекте жакшы жыйынтыктарга жетебиз деп ишеним артам.

Маалым болгондой, 1997-жылы Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы (МПК) түзүлгөн.

Ушул Атайын комиссиянын ишин жандандырсак, арабыздагы болгон достук мамилебиз кошумча практикалык мазмун менен толукталат эле.

Комиссиянын ишин жанжандыруу боюнча маселе министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен боло турган жолугушууда кеңири талкууланат деп ойлойм.

Биз Кыргызстанга малайзиялык бизнестин келишине кызыкдарбыз.

Кыргызстанда иштеп жаткан эркин экономикалык аймактарында малайзиялык ири ишканаларды тартуу менен инвестициялык зоналарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам.

Соода-экономикалык тармагында кызматташуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.

Маалым болгондой, Кыргызстандын басымдуу бөлүгү ислам динин тутушат. Ушуга байланыштуу халал өнөр жайындагы продукцияга жыл сайын суроо талап өсүүдө.

Ушул тармакта да бирге иш алпаруу перспективдүү деп ойлом.

Урматтуу премьер-министр, учурда биздин өлкөлөр «Бишкек-Куала-Лумпур» багыты боюнча түз авиакаттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Бул биздин элдерибиздин жакындашуусуна жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда туристтерди алмашууга жардам берет.

Биздин өлкөдө тоо, экологиялык, этномаданий жана тарыхый туризм малайзиялык саякатчылардын кызыгуусун жаратышы мүмкүн.

Малайзиялык авиакомпанияларга аба эркиндигинин бешинчи даражасын бир тараптуу берүүгө даяр экенибизди белгилегим келет.

Бул Кыргызстандын эл аралык аэропортторун Европа өлкөлөрүнө учуу үчүн транзиттик пункт катары пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Урматтуу премьер-министр,

Билим берүүдө жаш муунду тарбиялоо чоң мааниге ээ.

Сиз «Намаз окугандарга адилеттик» (Справедливость для молящихся) аттуу китебиңизде жазгандай «Акылсыздыкка каршы туруу жана баалочу ой пикирди өнүктүрүү үчүн азыркы жаштар улуу чыгармалардан үйрөнүшү керек» деген сөздөрүңүзгө толугу менен кошулам.

Радикализм менен, мусулмандардын ыйык динин бурмалоо менен күрөшүүдө туура диний билим берүү өтө маанилүү деп эсептейм.

Ушул себептен, Малайзиянын теология жаатындагы билим берүү менен Кыргызстандын имамдарына атайын окутуучу семинарларды уюштурууда көмөк көрсөтүлсө жакшы болот эле.

Биз Табунг-Ажы атындагы «Хадж Фондунун» тажрыйбасына да кызыкдарбыз.

Учурда Малайзиянын ажылык сапарларды башкаруу жана зыяратчыларга тиешелүү шарттарды түзүү жаатында мыйзамдарын изилдеп, Малайзиянын бул жаатта тажрыйбасын өздөштүрүүнү мерчемдеп жатабыз.

Урматтуу премьер-министр,

Мен мындан мурун Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу жөнүндө айтып кеткем эле.

Эртеңки программаңыздын алкагында, буюрса, Кыргызстандын улуу тоолорун көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болот.

Ушул кооздукту сактоого, Кыргызстанда айрым демилгелер ишке ашырылып жатат.

Кыргызстандын суу ресурстарын сарамжалуу жана рационалдуу колдонууга, мөңгүлөрдү сактоого, тоолуу аймактардын эко системасын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын «Тоону туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» резолюциясы кабыл алынган.

Андыктан, Малайзия менен биргеликте аймактык жана глобалдык деңгээлде климаттык демилгелерди жылдырууда кызматташууга чакырабыз.

Урматтуу премьер-министр,

Сизге жемиштүү маек үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Биз күн тартипте камтылган негизги маселелерди кеңири талкуулай алдык.

Сиздин сапарыңыз Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук жана кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң салым кошот деп ишеним артам.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, менин саламымды жана жылуу каалоо-тилектеримди Улуу Даражалуу Малайзиянын падышасы Султан Ибрагимге жеткирүүнү өтүнөм”.

Пикир

Оставить комментарий