• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Стамбулда ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусу көтөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин (ТМКК) Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Салтанаттуу иш-чара Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.

Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.

Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.

Пикир

Оставить комментарий