• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы бир катар коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бир катар коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди кабыл алды.

Жолугушууда медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Зыфар Игембердиевдин баскан жолу, жасаган эмгектери талкууланды.

Нурланбек Шакиев өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбай тургандыгын баса белгилеп: "Кыргыз медицинасын түптөп, тармакка чыйыр салган инсандардын сап башында Зыфар Игембердиев турат. Ал улуу илимпоз, кесипкөй дарыгер катары кыргыз медицинасына жаңылык киргизип, дарылоонун заманбап усулдарын жана ыкмаларын ойлоп тапкан. Көптөгөн дарылоо мекемелерин негиздеп, саламаттыкты сактоо министрлигин ийгиликтүү жетектеген. Андыктан, анын ысымын республикадагы ири медициналык мекемелерге ыйгарып, эстелигин тургузуу менен гана чектелбей, атын түбөлүккө калтыруу максатында комплекстүү иш-чараларды өткөрүшүбүз зарыл", – деди.

Андан тышкары жолугушууда Зыфар Игембердиев II дүйнөлүк согушта да кан кечип далай советтик жоокердин өмүрүн сактап калганы тууралуу айтылып, дарыгердин илимдеги ийгиликтери боюнча да кеп болду.

«Мындай эскерүүлөр маркум дарыгерибиз үчүн эмес, биз үчүн керек. Биздин келечек үчүн керек. Ушундай улуу инсандарыбыздын атын түбөлүккө калтыруу менен келечек муундарыбызды тарбиялап, аларды шыктандыра алабыз»,– деген Төрага Нурланбек Шакиев бул жаатта тиешелүү иштер алып барыларын кошумчалады.

Жолугушуунун катышуучулары Зыфар Игембердиевдин ысымын өзү көп жылдар бою эмгектенген Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга ыйгарып, айкелин орнотуу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Эскерте кетсек, медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Зыфар Игембердиев 1908-жылы туулуп, 1974-жылы каза болгон. Күйүккө жана анын бөйрөктүн ишине тийгизген таасирине байланышкан илимий эмгектерди жаратып, замандаштарынын айтымында Улуу Ата Мекендик согуш маалында кан кечип 35 миңдей операция жасаган.

Пикир

Оставить комментарий