• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каракол шаарындагы 500 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Каракол шаарында 500 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн облус башчысы Уланбек Далиев аталган мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Ал иштин темпи жана сапатына канааттануусун билдирип, бул мектептин курулушунун балдарга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүдөгү маанисин белгиледи. Ал ошондой эле КР министрлер кабинети мындан ары да өлкө боюнча билим берүүнү өнүктүрүүгө жана заманбап билим берүү мекемелерин курууга өзгөчө көңүл бура берерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, мектептин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталып, учурда кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий