Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун башчысы Уланбек Далиев аймакта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал райондордун акимдери жана Каракол, Балыкчы шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өткөн жыйында айтты.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, күн тартибинде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу калктын коопсуздугун камсыздоо жана селдерди алдын алуу боюнча маселелер каралды.

Облус башчынын айтымында, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан ашык көтөрүлүшү ыктымал.

"Жарандардын коопсуздугу биринчи орунда турат. Табигый өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү керек. Тобокелдиктерди минималдаштыруу жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүү боюнча бардык кызматтардын жана бөлүмдөрдүн аракеттерин координациялоо зарыл", — деди Далиев.

Мындан тышкары, облус башчысы калкка мүмкүн болуучу коркунучтар тууралуу өз убагында маалымат берүү жана селдин кесепеттерин алдын алуу чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий