• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК комитети январь-март айларында бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматты укту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 2024-жылдын январь-март айлары үчүн Кыргызстандын бюджетинин аткарылышы каралды.

Аталган маселе боюнча финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев, экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Карим Ханджеза ички дүң продукция (ИДП), товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттоо жана сатуу маселесин көтөрдү. Ал эми эл өкүлү Надира Нарматова баалардын жана инфляциянын өсүшүнө, 2024-жылы ишкерлерди колдоо жана монополияга каршы кызматтын ишине байланыштуу көйгөйлөргө токтолду.

Депутат Эмил Токтошев ИДП жана инфляциянын көрсөткүчтөрү, мамлекеттик баалуу кагаздар жана бажы төлөмдөрүн чогултуу планынын аткарылышы боюнча суроолоруна түшүндүрмөлөрдү алды. Эл өкүлү Дастан Бекешев республикалык бюджетти бөлүштүрүү тууралуу сөз кылып, финансылык жана финансылык эмес активдерди сатып алуу маселесине кызыгып, коммерциялык банкты 7 млрд сомго сатып алууну каржылоо булактарына көңүл бурду. Буга Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев активдерди сатып алуу чыгымдары республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө эмес, тиркемелерде камтылганын маалымдады.

Андан тышкары, депутат Марлен Маматалиев 2024-жылы жаңы ишканаларды ачуу маселесин ортого салды. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, 2024-жылы 100 ишкананы ишке киргизүү долбоорунун алкагында иштер жүрүп жатат. Депутат Айсаракан Абдибаева республикалык бюджеттен капиталдык салымдарга 3 млрд сом каралганын белгилеп, бул каражатты өздөштүрүү жана титулдук тизмеге киргизилген объектилердин курулушун аяктоо маселесин көтөрдү.

Андан соң, эл өкүлү Камила Талиева да республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө көңүл буруп, бюджетти эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу керектигин кошумчалады. Ал белгилегендей, бул маалымат бюджеттик тобокелдиктер боюнча маалыматтарды да камтууга тийиш. Муну менен катар Камила Талиева өзгөчө Баткен облусунда жеңилдетилген насыя берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүү менен ата мекендик ишкерлерди колдоо керектигин айтты.

Жыйынтыгында 2024-жылдын январь-март айлары үчүн Кыргызстандын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат эске алынды.

Андан тышкары, жыйында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «КР Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Пикир

Оставить комментарий