• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарына 146 жыл. Борбор калаада майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара Бишкек баатырдын эстелигининин алдында өттү.

Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев чакырылган конокторду жана жалпы шаардыктарды шаар күнү менен куттуктады.

"Бишкек татаал тарыхый жолду басып өттү. Ал Кыргызстандагы бардык өзгөрүүлөргө, жаңыланууларга күбө болду. Шаарыбыз күн сайын өзгөрүүдө, сырткы гана эмес, географиялык жактан да өзгөрүүдө – Бишкек үч эсе кеңейүүдө. Бул дагы бир окуянын башталышы. Учурда республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борборунун аймагына стадион куруунун, "Спартак" стадионунун кичи аренасын жана "Ала-Тоо" борбордук аянтын оңдоонун үстүндө иштеп жатабыз", - деп белгиледи калаа башчысы.

Мэр белгилегендей, жаңы объектилердин, жолдордун саны гана эмес, шаардын бюджети да көбөйүүдө. Быйылкы жылы бюджет 32 590,5 млн сомго чейин көбөйтүлдү.

"Ошондой эле коммуналдык чарбабыздын материалдык-техникалык базасын жогорулатууну пландаштырып жатабыз. Жол инфраструктурасын жакшыртуу жана тыгындарды чечүүнүн алкагында 6 негизги көчөдө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөбүз. Тыгындарды азайтуу үчүн жаңы системалар - "акылдуу светофорлор" жана электрондук паркинг киргизилүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы жашыл, кооз, маданий жана жайлуу борборубуз менен сыймыктануу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", - деп кошумчалады Жунушалиев.

Иш-чарага чакырылган коноктор үчүн борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобунун аткаруусундагы музыкалык композициялар тартууланды.

Борбор калаанын бардык булуң-бурчтарында күнү бою майрамдык иш-чаралар өтөт. Негизги иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта саат 18:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий