• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бала-Саруу ГЭСи толугу менен май айында ишке берилет – Таалайбек Ибраев

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бала-Саруу гидро электр станциясынын (ГЭС) Киров суу сактагычына курулуп жаткан үч агрегаты 17-майда ишке берилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Ал белгилегендей, Бала-Саруу ГЭСи Киров суу сактагычындагы гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Анткени, ГЭС суу сактагыч курулгандан бери колдонулбай келген.

Белгилей кетсек, Бала-Саруу ГЭСи жалпы кубаттуулугу 25 МВт кубаттуулуктагы үч агрегаттан турат. Анын орточо жылдык электр энергиясын иштеп чыгуусу 92 млн кВт саатты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий