• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Москва шаарынын ортосундагы кызматташтыктын абалы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарынын өкмөтүнүн министри — Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.Е.Череминди кабыл алды.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Москва шаарынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Министр Кулубаев Москвада иштеген КР жарандарынын саны арбын экенин белгилеп, Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүүдө Москва Өкмөтүнөн максималдуу жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде россиялык тарап Бишкек шаарындагы "Московский дом" маданий-ишкер борборунун натыйжалуу иштешине кызыкдар экендигин билдирди, бул эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө көмөктөшөт.

Тараптар жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий