• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Руслан Казакбаев КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышат

Саясат 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-апрелде Москвадагы КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

ТИМден кабарлашкандай, тышкы саясий ведомстволордун башчылары эл аралык күн тартибинин жана шериктештиктин алкагындагы кызматташуунун, КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоону пландоодо.

Бир катар документтерди, анын ичинде КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумуна киргизиле турган документтер каралат.

Мындан тышкары, тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу стратегиясын, 2021-2030-жылдарга карата эл аралык жаштар кызматташуусунун стратегиясын, 2021-2030-жылдарга карата туризм жаатындагы кызматташуу стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын бекитишет.

Ошондой эле тараптардын кызыкчылыктарын камтыган маселелерди талкуулоо максатында министр Руслан Казакбаевдин КМШнын бир катар кесиптештери менен жолугушуулары пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий