Курсантбек Өмүрбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин министрликке караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын директору кызматын аркалап келген.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары Абылгазиев Атабек Абылгазиевич өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий