• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казакстандагы башаламандыкта эки кыргызстандык каза болду

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Казакстандагы башаламандыкта эки кыргызстандык каза болду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн күч органдары, Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлигинен турган компетенттүү түзүмдөр тарабынан Казакстандык кесиптештер менен Казакстанда белгилүү болгон трагедиялуу окуяларга байланыштуу оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын тактоо маселеси боюнча тиешелүү эки тараптуу байланыштар уланып жатат.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-январында кечине чейин укук коргоо органдарынын тергөө-процессуалдык иш-чараларынын жыйынтыгында баш аламандык учурунда Кыргыз Республикасынын 5 жараны кармалып, 2 кыргызстандык каза болгондугу аныкталды. Алардын жакындары менен байланышуу жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Тараптардын компетенттүү түзүмдөрүнүн биргелешкен иликтөө иштеринин натыйжасында Викрам Рузахунов бошотулуп, азыркы учурда КР тиешелүү мамлекеттик органынын кызматкеринин коштоосунда Кыргызстанга кайтарылды.

Учурда республиканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тиешелүү түзүмдөрү менен биргеликте жарандарга зарыл саясий-укуктук жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын. Бул жагдай боюнча такай консультациялар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тиешелүү мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Азыркы учурда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан жарандар, анын ичинде Кыргызстандыктар да тиешелүү текшерүү иш-чараларына алынып, андан кийин бошотулууда, ошондуктан Казакстанда жүргөн мекендештерди сабырдуулукка чакырат.

Пикир

Оставить комментарий