• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өзүмчүл саясатчылар Атамбаевдин мисалына баам салышы керек — Акеров

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Бүгүн, 7-август күнү былтыр Кой-Ташта болгон окуяларга бир жыл болот. Тарых илимдеринин кандитаты, саясий серепчи Табылды Акеров Кой-Ташта болгон окуялар боюнча ою менен бөлүштү.

"Алдыда парламенттик шайлоо болот. Ал демократиялык түрдө өтүп, башкысы эл татыктуу саясий партияларды тандашы керек. Шайлоодо утулгандар абалды курчутпай, тынчтык жана туруктуулукту сактоого аракет кылышы керек", - дейт ал.

Анын айтымында, мурдагы президент өзүнүн нааразычылыктарын мыйзамдуу түрдө айтып, чечүүгө аракет кылыш керек болчу.

"Атамбаев бийликти өткөрүп бергенден кийин кайра артка келгиси келген. Ал өзүнүн убадаларын унутту. КСДПнын төрагасы болуп, саясатта калгысы келди. Ал Конституцияга жана мыйзамдарга бай ийбей, тергөөчүгө келбей койгонун унутпаш керек. Ага чакыруу берүү үчүн министрдин орун басары да барган. Ал убакта анын үйүндө Атамбаевди коргоо боюнча штаб түзүлүп, ал жакта көп адам нөөмөттө турчу. Анын баары мыйзамсыз болчу. КСДПнын саясий кеңеши Атамбаевди туура жолго багыттоонун жана мыйзам чегинде аракет көрүүнүн ордуна аны колдоду. Жыйынтыгында атайын кызматтын командири каза болду, ИИМдин командири оор жаракат алды, Атамбаев өзү камакка алынды. Башкача айтканда, анын аракеттери парламенттик шайлоого өзүмчүлдүк максаттары менен катышып жаткан бардык саясатчыларга сабак болушу керек. Алар өз талаптарына мыйзам чегинде жетүү керектигин билиши керек. Башкысы токтоо болуу кажет", - дейт ал.

Эскерте кетсек 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтырынын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында УКМКнын атайын бөлүмүнүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 40тан ашык адам жаракат алган. 8-август күнү Алмазбек Атамбаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий