ЖК комитети Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жылдык отчетун укту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борборунун 2023-жыл үчүн баяндамасын укту.

2023-жыл үчүн баяндаманы Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков сунуштады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайысы Чолпон Султанбекова социалдык стационардык мекемелердин имараттарынын абалы, тамак-аштын акчалай нормасын жогорулатуу жана тамактануу рационун жакшыртуу боюнча маселелерди көтөрдү.

Депутат Мейкинбек Абдалиев Улуттук борбордун кызматкерлерине кызматтык унаа берүү маселесин айтып, бул маселе былтыр эле көтөрүлгөнүн эске салды. Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков эки унаа бар экенин, бирок алар аймактык өкүлчүлүктөрдө жок экенин айтты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча комитет 2023-жыл үчүн Улуттук борбордун жылдык баяндамасын эске алды.

Пикир

Оставить комментарий