Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Адилет өсүш, финансы маселелери жана институттар боюнча Регионалдык директору Асад Алам жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча Аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстандын өнүктүрүүнүн приоритеттери, Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, 2024-2025-жылдарга белгиленген долбоорлорду ишке ашырууда Дүйнөлүк банк тарабынан көмөк көрсөтүү, фискалдык реформа жана мамлекеттик финансы реформасы боюнча министрликтин артыкчылыктуу милдеттери тууралуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жаңы башчысы Хью Ридделл, Дүйнөлүк банктын макроэкономика, соода жана инвестициялар маселелери боюнча глобалдык практика боюнча менеджери Антонио Нусифора, Дүйнөлүк банктын алдыңкы өлкөлүк экономисти жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн адилеттүү өсүү, финансы жана институттар маселелери боюнча программанын жетекчиси Дэвид Найт катышты.

Пикир

Оставить комментарий