Асел Чынбаева балдардын укуктары боюнча эл аралык конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева КМШ өлкөлөрүнүн балдар психологдорунун, социалдык педагогдорунун жана социалдык кызматкерлеринин эл аралык конференциясына катышты.

Иш-чара "социалдык-психологиялык кызматтардын ишмердүүлүгү аркылуу балдардын укуктарын ишке ашыруу" темасына арналган.

Комиссиянын 2023-2024-жылдарга карата иш планынын пунктун аткаруунун алкагында Казакстан тарабынан уюштурулган "КМШ өлкөлөрүнүн балдар психологдорунун, социалдык педагогдорунун жана социалдык кызматкерлеринин эл аралык онлайн-конференциясы" өткөрүлдү.

Иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (Омбудсмендеринин) комиссиясынын мүчөлөрү, балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу аппараттардын кызматкерлери, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, КМШ Аткаруу комитетинин, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын психология, психиатрия жана психотерапия жаатындагы адистери катышты.

Конференциянын спикерлери психикалык саламаттык жана педагогика жаатындагы алдыңкы адистер, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда калган балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүнү уюштуруу чөйрөсүндөгү адистер болушту.

Катышуучулар тажрыйба алмашуу жана жаңы стандарттарды түзүү, ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун жакшыртууга багытталган кызматтарды кеңейтүү үчүн КМШ өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирүү зарылдыгын жана өз убагында болушун белгилешти. Ошондой эле билим берүүдө жана жашоонун сапатын жогорулатууда гендердик зомбулук менен күрөшүүдө социалдык педагогдордун ролу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий