• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Бишкекте мас адам окуучуларга кол салууга аракеттенген. Милиция тийиштүү чара көрбөй жатабы?

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Мектептин айланасында спирт ичимдиктеринин сатылышы туура эмес. Анткени дүкөндөрдүн астына мас кишилер топтолгондо балдарга кооптуулукту жаратууда. Биз аларга күн сайын кабатыр болуп жатабыз. Мындай пикирлерин айтып “Кабар” агенттигинин редакциясына Бишкектеги №62 мектеп-гимназиянын 3-классынын ата-энелери кайрылышты.

Алардын айтымында, 9-10-кичи райондорунун ортосундагы Саманчин көчөсүндө жайгашкан күркөлөрдө күнү-түнү дебей спирт ичимдиктери сатылат. Ал жакка ичимдик ичкени белгисиз адамдар келип, ары-бери өткөн окуучуларды коркутуп, кол көтөргөнгө чейин барышууда.

“17-май күнү саат 15:30-16:00дөр чамасында мектептин жанынан колунда макиси бар киши таш көтөрүп, балдарга кол салууга аракет кылып, кубалаган. Бул окуядан кийин мен башка ата-энелер менен чогуу соода күркөлөрүндө ичимдиктер сатылбасын, кол салган кишиге чара көрүлсүн деп милицияга арыз жазганбыз. Ал адамды укук коргоо кызматкерлери кармап кеткенин өз көзүм менен көргөм. Бирок аны Октябрь РИИБи эркиндикке кайра эле кое берип жибериптир. Биз бул адам дагы да балдарга коркунуч жаратат деп тынчсызданып жатабыз. Эмнеге милиция кызматкерлери кайдыгер мамиле кылышат?” - деди ата-энелердин бири.

Бул окуя тууралуу “Кабар” агенттиги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына кайрылып, суроо узатканыбызда жогорудагы факт боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн билдиришти. Милициядан белгилешкендей, 33 жаштагы З.И. аттуу жаран соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга 3 күнгө камалып, кайра чыгарылган.

“2024-жылдын 17-майында саат 17:00дөр чамасында 102 кызматына чалуу келип түшкөн. Анда Саманчин көчөсүндө белгисиз жарандар бычак менен окуучуларга кол салууга аракет кылып жаткандыгы маалымдалган. Бул факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган. Бул фактынын негизинде окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүлөрү барган. Анда 1991-жылы туулган З.И. аттуу жарандын өздүгү такталып, райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. Андан соң Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 3 суткага киргизилген”, - деп билдиришти Октябрь райондук милициясынан.

Деген менен арызданышкан ата-энелер бул иштин сотто карала тургандыгы тууралуу кабардар болушпагандыгын айтышууда. Ошондой эле кармалган жарандын 3 суткага камалбагандыгын, бир суткадан кийин эле кое берилгендигин белгилешти.

“Мас адамдын жанында ошол маалда дагы бир шектүү болгон ал дагы деле табыла элек. Ал эми ичимдиктер сатылган күркөлөр дагы эле иштеп жатат. Биздин үнүбүз угулбай, маселени чечүүгө аракеттер көрүлбөй, сурообуз ачык бойдон калып жатканы өкүндүрөт”, - деп белгилешти ата-энелер.

Алар мындан ары дагы Бишкек мэриясына, Октябрь райондук акимчилигине күркөлөрдү алуу талабы менен кайрыла тургандыктарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий