Жер көчкү кооптуулугу жогору аймактарда жашаган калкка кеп-кеңештер

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Табигый кырсык каш-кабактын ортосунда болуп кетиши мүмкүн. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги окурмандарга жер көчкү тууралуу маалыматтарды топтоду. Табигый кырсыктын кооптуулугун түшүнүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин кеп-кеңештерин жана эскертмелерин так аткаруу канчалык маанилүү экендигине алдыда кененирээк токтолобуз.

3 күн мурда Жалал-Абад облусунун Жүзүмжан айылында жер көчкү активдешкен. Мындан улам 13 үй-бүлөнү коопсуз аймакка убактылуу көчүрүү боюнча жергиликтүү жашоочулар менен макулдашуулар жүргүзүлдү.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун аймагында 1020 кооптуу аймакта 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келишүүдө. Ал эми жалпысынан Кыргызстанда жер көчкү коркунучу жогору 4557 аймак бар. Анын 1186сы калктуу конуштарга коркунуч жаратат.

Жер көчкү акырындык менен жылып же күтүүсүздөн тез түшкөндүгү менен айырмаланган катастрофалык кыйратуучу күчкө ээ. Оор кесепеттерге алып келүүчү кооптуу табигый процесс.

Жер көчкүнүн себептери. Жер көчкүнүн түшүүсүнө тоо боорундагы кыртыштын ашыкча нымдалуусу башкы себептерден. Буга тынымсыз нөшөрлөп жааган жаан-чачын жана кардын калың түшүүсү өз таасирин тийгизет. Ошондой эле сейсмикалык термелүүлөрдө жер көчкүлөрдү активдештирет.

Жер көчкүнүн кооптуулугу. Жер көчкү коркунучу бар тилкелерде адамдардын жүрүүсүнө, мал жаюуга, айыл чарба жумуштарын жүргүзүүгө тыюу салынат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары кооптуу аймактарда жашаган калкты коопсуз аймактарга көчүрүп чыгаруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген эскертмелерди кынтыксыз аткарышы керек. Ал эми тиешелүү мекеме-ишканалар кооптуу аймактарда жайгашкан обьектилерди коопсуз аймактарга көчүрүүнү камсыз кылуусу зарыл.

Кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр кайдыгер болбой, өмүрүн тобокелге салбай көчүп чыгуу тууралуу берилген эскертмелерди аткарууга тийиш.

Жер көчкүнүн алгачкы белгилери. Үйдүн эшик-терезелери жабылбай калат. Үйдүн дубалдарында жана пайдубалында, жерде, тротуарларда, жолдордо жаракалар пайда болот. Эңкейиштерде жер астындагы суулар чыгат. Тосмолор жана бак-дарактар жыла баштайт. Ызы-чуу үндөр угулат.

Эгерде жер көчкүнүн жогорудагыдай белгилери аныкталса:

  • электр жарыгын, сууну, газды өчүрүү кажет;
  • үйдөн күйүүчү жана уулуу заттарды чыгаруу шарт;
  • керектүү буюм-тайымды алып коопсуз аймакка барган оң;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрүнө билдирип же 112 кызматына байланышуу керек.

Пикир

Оставить комментарий