• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Милиция Сокулукта окуучулардын сабалышы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Социалдык тармактарда Новопавловка айылында жогорку класстын окуучулары өзүнөн кичүү окуучуларды сабап жаткан видео тарады.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, аталган факты Сокулук райондук милиция бөлүмунө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

"Азыркы учурда Сокулук райондук милиция кызматкерлери окуяга катыштыгы бар бардык тараптарды аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ИИББден.

Пикир

Оставить комментарий