• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары, газ отканасын куруу иштери уланууда.

Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты 2927 чарчы метрди, ал эми жердин аянты 0,8 гектарды түзөт.

"Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий