• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абаддагы 4 согуш ардагеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев облустагы жалпы төрт согуш ардагерлеринин үйлөрүнө барып, 9-Май – Улуу Жеңиштин 79 жылдык майрамы менен куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алар Ноокен районунун Масы айылынын 98 жаштагы тургуну Ормон Дадажанов, Базар-Коргон районунун 99 жаштагы тургуну Мурза Далиев, Сузак районунун Багыш айылынын 98 жаштагы тургуну Мамасали Жумаев жана Кыз-Көл айылынын 100 жаштагы тургуну Сыргабай Төрөгелдиевдер.

Облус башчысы ардагерлерди жеңиш майрамы менен куттуктап, согуштагы каармандыгы, эл-жердин бүтүндүгүн сактоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле президент тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине бөлүнгөн 100 миң сомдон акчалай белегин тапшырды. Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан жана жергиликтүү бийлик тарабынан ажыратылган материалдык колдоолор көрсөтүлдү.

Улуу Ата Мекендик согуш ― 1941–1945-жылдагы фашисттик Германиянын совет элине кол салуусуна каршы Жалал-Абад облусунан 30 миндей адам катышып, анын 18 миңден ашууну кайтпай калган.

Бүгүнкү күндө облус боюнча согуштун 4 ардагери калды. Ага катар 8 ооруктун эмгекчилери, 1 концлагердин туткуну бар.

Пикир

Оставить комментарий