• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын 2024-2028-жылдарга санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2024-2028-жылдарга санариптик трансформациялоо Концепциясы сунушталып, санариптик күн тартибинин актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланды.

Эдил Байсалов мамлекеттик органдарды санариптик трансформациялоо жана санариптик коомду түзүү боюнча көрүнүктүү ийгиликтерди, ошондой эле стратегиялык маанилүү милдеттерди жана ишти күчөтүү зарыл болгон максаттарды белгиледи.

2024-2028-жылдарга Кыргызстандын санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 200дөн ашык пунктту ишке ашыруу каралган, анын ичинен 2024-жылга 89 иш-чара пландаштырылган. Планга мамлекеттик башкарууну реформалоо, мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо, санариптик инфраструктураны түзүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү, санариптик саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык төлөмдөрдү санариптештирүү, айыл чарба, экология жана жер казынасын пайдалануу, энергетика, транспорт, мыйзам чыгаруу процесстери, сот системасы, укук коргоо системасы, курулуш индустриясы, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча иш чаралар киргизилген.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине концепциянын алкагында белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө ишке ашыруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий