• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев: Атайын өнөр жай аймактарын ишке киргизүү инвестиция тартууга шарт түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Чүй облусу өнөр жай аймактарын түзүү долбоору ишке ашырыла турган пилоттук аймакка айланат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн буга чейин тиешелүү инфраструктураны курууга жер алынган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев белгилегендей, ата мекендик өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында транспорттук түйүндөрдү, темир жол тилкелерин курууга байланышкан маселелерди чечүү боюнча комплекстүү биргелешкен иштерди баштоо керек.

«Чүй облусунун жетекчилиги өнөр жай аймактарын суу, электр энергиясы, газ, канализация менен камсыз кылуу, өндүрүш калдыктарын сактоо жана көмүү ордун аныктоо максатында башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып баруусу зарыл. Ушул факторлор болгондо гана аймактарга инвестиция тарта алабыз”,-деди Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, тартылган капиталдын көлөмүнө жараша инвесторлорго салыктык жеңилдиктерди берүү пландалууда.

«Чүй облусу өнөр жай аймагын түзүү долбоорун ишке ашырууда пионер болуп саналат. Келечекте республика боюнча ушундай зоналар түзүлөт.

“Мындай мамиле мамлекеттин, ошондой эле ири инвесторлордун да милдеттерин жеңилдетет. Анын аркасында кыска мөөнөттүн ичинде канаттуулар фабрикасын куруу, ар кандай максаттагы чарбалык иштин башка субъекттерин, кайра иштетүү жана өзүн-өзү тейлөө боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн даяр инфраструктуралык зонасы бар аймак сунушталат”- деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий