Баткенде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Баткен облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилиги астында өткөн отурумда кеңештин мүчөлөрү КР министрлер кабинетинин "2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча" токтомунун аткарылышы боюнча тийиштүү маселелерди ортого салышты. Ошондой эле төмөнкүдөй тапшырмалар коюлду;

- эл арасында чет өлкөлөргө иштегени баруучу жарандарга, өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин билүүсү үчүн түшүндүрүү иш-чараларын алып баруу
- студенттер, мектеп окуучуларына коопсуз миграция жана адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалымат кампаниясын жүргүзүү
- 30-июнь бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата иш чараларды өткөрүү
- массалык маалымат каражаттарында адам сатуунун алдын алууга багытталган берүүлөрдү даярдоо тапшырылды.

Белгилей кетсек, адам сатууга каршы күрөшүү боюнча облус аймагында тииштүү иш чараларды жүргүзүү боюнча КР президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн атайын буйругу чыккан.

Аталган кеңеш 2017-жылдан баштап иштеп келет. 27 кызматкерден турган кеңеште жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, билим берүү, ички иштер, дин жана социалдык кызматкерлер, журналисттер бар.

Пикир

Оставить комментарий