Катманду шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Непалдын Катманду шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине Кыргызстагдын Непалдагы элчиси Аскар Бешимов, өлкөнүн дипломатиялык корпусунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чарада элчи Бешимов Кыргызстандын ардактуу консулу Рамеш Шармага, Непалдын курулуш тармагындагы эң ири компаниялардын бири болгон "Sharma and Company Pvt.Ltd." компаниясынын жетекчисине консулдук патентти тапшырып, кеңсенин ачылышы менен куттуктады.

Бешимов өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Непалда жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн кыргыз консулдугунун ишинин жогорку маанисин белгиледи.

Ардактуу консул Рамеш Шарма бул иш-чара кыргыз-непал кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө мындан аркы түрткү берерин жана анын ишмердүүлүгү инвестицияларды жигердүү тартууга, туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө, маданий алмашууга жана КР жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарды коргоого багыттала турганын белгиледи.

Ушул эле күнү Непалдын вице-премьер-министри - тышкы иштер министри Нараян Кажи Шрестанын, Непалдын шаар курулуш министри Дхану Буда жана бир катар парламентинин мүчѳлѳрү катышуусунда Катманду шаарында ардактуу консулдуктун ачылышына байланыштуу “Дусит Принцесс” мейманкана комплексинде салтанаттуу кабыл алуу болду.

Пикир

Оставить комментарий