• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кореялыктарга Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттук дарамети тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-27-июнь күндөрү Кореянын Кенсан-намдо провинциясындагы Чангвон шаарында туристтик фестиваль өткөн. Ага Кыргызстандын Кореядагы элчилиги дагы катышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттук дарамети тууралуу маалымат берилген. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, элчилик кыргыз диаспорасы менен биргеликте кыргыздын улуттук боз үйүн орнотуп, анда келүүчүлөргө Чанёнг шаарындагы "Боорсок" рестораны тарабынан даярдалган улуттук тамактар жана Кыргызстандан алып келинген бал менен ысык чай сунушталды.

Ошондой эле элчилик тарабынан Кыргызстандагы туризм жөнүндө видео роликтер көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө буклеттер таратылды. Келүүчүлөрдүн кыргыз элинин салттары, көчмөн маданияты жана жашоо тиричилиги менен таанышууга мүмкүнчүлүгү болду.

"Коронавирустук инфекцияны жайылтпоо максатында уюштуруучулар жана катышуучулар коопсуздуктун бардык эрежелерин сакташты. Ошону менен бирге, санитайзерлер жана беткаптар колдонулду, ал эми туруктуу желдетүү үчүн боз үй ачык орнотулду. Фестивалга 80ден ашуун жергиликтүү кореялык ишканалар жана 8 миңден ашык адам катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий