• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Гүлнара Баатырова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы дайындалган өкүлү Самман Жунг Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министрликтин ЮНИСЕФ менен өнөктөштүгү жана алдыдагы алакалары талкууланды.

Гүлнара Баатырова белгилегендей, уюм менен биргеликте кызматташуу бардык балдардын билим алууга, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган кыйла натыйжалуу стратегияларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

"Министрлик эмгек, социалдык коргоо жана миграция чөйрөсүндөгү улуттук стратегияларды өлкөбүздүн керектөөлөрүн эске алуу менен ишке ашырат. Мында биз биздин саясатты жана программаларды иштеп чыгууга жана мониторинг жүргүзүүгө жарандык коомдун активдүү катышуусуна кызыкдарбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий