• 87.86
  • 93.94
  • 1

Moody’s Кыргызстандын насыялык рейтинги боюнча божомолун өзгөрттү

Экономика 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Moody’s Кыргызстандын насыялык рейтингин терс көрсөткүчтөн туруктуу көрсөткүчкө өзгөрттү. Бул тууралуу Бишкек эл аралык финансылык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

"Биз бул багыттагы иштерди улантып, ал үчүн баарыбыз өлкөбүздү таанытууну арттыруу жана рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу үчүн интенсивдүү иштешибиз керек. Буга баарыбыз түздөн-түз кызыкдарбыз, урматтуу кесиптештер!", - деди ал.


Moody’s — эл аралык рейтингдик агенттик; толук аталышы — Moody’s Investors Service. Moody’s агенттиги Moody’s Corporation`дин туунду компаниясы болуп саналат. Кредиттик рейтингдер, изилдөөлөр жана тобокелдиктерди талдоо менен алектенет. Moody's Standard & Poor's жана Fitch Ratings менен бирге "чоң үчтүккө" кирген эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири.

Пикир

Оставить комментарий