• 87.86
  • 93.94
  • 1

Таласта окуучу кыз кош бойлуу болуп калган, милиция 31 жаштагы эркекти кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган, милиция 31 жаштагы эркекти кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Айтматов милициясына мектеп мугалимдери тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча жашы жете элек кыздын апасы дагы милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты Айтматов РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экендиги аныкталып, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий