• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жээнбек Кулубаев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө активдештирүүсү 2023-жылы башталган саясий диалогду мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Муну менен катар ал эки өлкөнүн ортосундагы потенциалы толук пайдаланылбай жатканын соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелерди, "жашыл" экономика жана климатты коргоо жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий