• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. / Кабар/. Бүгүн, 23-майда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында "Борбор Азиянын экономикасындагы аялдардын ролу: санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүү үчүн лидерлик" темасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун жыйыны өтүүдө.

Жыйынга Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Межлисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова катышып жатат. Ал эми Тажикстан өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган делегация жыйынга онлайн режимде катышууда.

КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева иш-чаранын катышуучулары менен учурашып, Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдарынын диалогунун жыйынын ачык деп жарыялады.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогунун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогунда Кыргызстандан төрагалык кылган Жамиля Исаева аялдар туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүдө негизги ролду жаратарын, ал эми белгилүү болгондой ТӨМдүн бардык 17 максаты мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо-тиричиликтин артыкчылыктуу чөйрөлөрүн өзүнө камтый тургандыгын белгиледи.

"Глобалдык санариптештирүү жана климаттык көйгөйлөр менен күрөшүү доорунда аялдардын негизги тармактык багыттарга катышуусуна көмөк көрсөтүү зарыл. Аялдар климаттын өзгөрүшүнө эң алсыз гана болбостон, улуттук климаттык максаттарга жетүү үчүн маанилүү катышуучу болуп саналат. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү адилеттүүлүк гана эмес, экономикалык жактан да гүлдөп өнүгүү маселеси болуп саналат", - деп белгиледи Жамиля Исаева.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кыргызстан диалогдо төрагалык кылуу алкагында бир катар демилгелерге көңүл бурууну сунуштап жатканын белгиледи.

"Бул аялдардын демилгелерин колдоонун Борбордук Азия аймактык фондун, санариптик, социалдык жана экологиялык инновациялар жаатындагы лидер аялдарды колдоонун Борбордук Азия региондук тармагын жана мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн камтыган улуттук жана региондук деңгээлдеги Координациялык кеңешти түзүү. Бул демилгелер биздин аймактын диалог жаатындагы өз ара аракеттешүү алкагындагы байланыштарды кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган", - деди Жамиля Исаева.

Пикир

Оставить комментарий