• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акылбек Жапаров КР банк тармагынын натыйжалуулугун жакшыртууга эмне түрткү берерин айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек эл аралык финансылык форумунда (BIFF-2024) Кыргызстандын банк тармагынын натыйжалуулугун жакшыртууга эмне түрткү берерин айтып берди.

Анын айтымында, алгач которуулар боюнча банктык комиссияларды төмөндөтүү зарыл.

"Бул көйгөй дайыма болуп келген жана бизге тоскоолдук жаратчу. Бирок, бүгүнкү күндө төлөмдөрдүн көбүн накталай эмес ыкмага өткөрүү боюнча иштеп жатканыбызда, бизден пассивдүү позицияны күтүүгө болбойт. Мен Улуттук банкка бир нече жолу кайрылып, маселени Экономика жана коммерция министрлигине тапшырдым. Ошондуктан, биз үчүн банктар аралык которууларга комиссия алууну мыйзамдуу жөнгө салуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүүгө убакыт келди", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы бардык коммерциялык банктарга биргелешип, банкоматтардын бирдиктүү түзүмүн түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, ал эсептик ченди төмөндөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

"Биз азыр инфляциянын көрсөткүчтөрү өз позициябызга толук ишенимдүү болууга мүмкүндүк берип жатканын көрүп турабыз. Алар өздөрү чечишсин, бирок баарыбыз экономикалык активдүүлүктүн өсүүсүнө кызыкдар экенибизди түшүнүшүбүз керек. Биз Улуттук банк тарабынан да, биздин башка бардык коммерциялык банктар тарабынан да чендерди эртелеп төмөндөтүүнү кубаттагандан тышкары, "улуттук" макамына ээ болгон долбоорлорго мамлекеттик кепилдиктерди берүү практикасын кеңейтебиз", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий