• 87.86
  • 93.94
  • 1

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,3 млрд куб метрди түздү

Экономика 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. 25-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 381 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1200 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 298 куб метрди түзүүдө.

Өткөн жылы 25-майда суунун деңгээли 8 млрд 446 млн куб метрди түзгөн.

Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСи Кыргызстандын электр энергиясынын негизги булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий