• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акыйкатчы балдар менен аялдардын коопсуздугу боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдардын жана аялдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Акыйкатчы Талас облусундагы жаш келиндин жана анын кичинекей балдарынын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө тынчсызданууда.

"Бейкүнөө балдарды жана алардын энесин өлтүрүү – өтө оор кылмыш.

Мамлекеттик органдар аялдардын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек, анткени аларга карата зордук-зомбулук күч алууда", - деди Жаманбаева.

Акыйкатчы тез аранын ичинде сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен пробациялык көзөмөлдү колодонуу маселесине көңүл бурууну талап кылууда.

"Кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин, өч алуу максатында, зордук-зомбулукка кабылгандарга келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес", - деп белгилейт Жамиля Жаманбаева.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар коомду жана зомбулуктун курмандыктарын пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш.

Акыйкатчы оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу практикасы кылдат изилдөөнү жана кайра текшерүүнү талап кылаарын белгилейт.

"Акыйкатчы институту жалпы коом менен бирге мындай зомбулукту жана ырайымсыздыкты айыптайт.

Биз ушундай кыйын учурда, курман болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, сиздер менен оюбуз жана тилегибиз бирге экенин билдиребиз", - деди акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий