• 87.86
  • 93.94
  • 1

Араванда борбордук базар мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.24. / Кабар/. Араванда борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Араван райондук мамлекеттик администрациясынын, Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз түрдө А.Анаров айыл өкмөтүндөгү (азыркы Достук айыл өкмөтү) 0,31 га жер тилкесин "Ш." жоопкерчилиги чектелген коомуна катталып берилгендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан аталган коомго мыйзамсыз берилген мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз берилип, кароонун жыйынтыгы менен толук канааттандырылган.

Натыйжада, 256 млн 905 миң сомго бааланган “Шахноза” борбордук базары Араван районунун Достук айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Аталган фактылар боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жургүзүү үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий