• 87.86
  • 93.94
  • 1

Саламаттык сактоо министри Пандемияга каршы күрөшүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/.Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пандемияга каршы күрөшүү фондунун аткаруучу директору Прия Басу менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, министр фонддун өкүлүнө бул жолугушууну өткөрүү демилгеси жана Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына болгон кызыгуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ал пандемия коркунучтарына каршы чараларды көрүү үчүн финансылык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүүдө фонддун негизги ролун белгиледи. Фонд пандемиялык ооруларды түшүнүүгө, алдын алууга жана дарылоого багытталган фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү каржылоого, ошондой эле пандемияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат, ресурстар жана тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык кызматташуу механизмдерин түзүүгө көмөктөшөт.

Аялуу аймактарда саламаттык сактоону колдоо маселелерине, анын ичинде медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө, дары-дармектерге жана вакциналарга жеткиликтүүлүктү камсыздоого, ошондой эле медициналык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын фонд менен кызматташууга кызыкдар экенин баса белгилеп, өлкөнүн Пандемияга каршы күрөшүү фонддун Башкаруу кеңешинин курамына киришинин маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тең-инвестор өлкө катары гранттарды жана колдоолорду алууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Министр Кыргызстандын Башкаруу кеңешиндеги ролу жана тең-инвестор катары мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат алууга үмүттөнөрүн билдирди.

Министр ошондой эле калкка алдын алуу чаралары, пандемиялык оорулардын белгилери жана коргонуу ыкмалары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өзгөчө медициналык жана гуманитардык операцияларды жайылтууну жана эл аралык жардамды уюштурууну камтыган пандемиялык коркунучтарга тез жооп берүүгө даярдык көрүү чараларынын топтомун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Алымкадыр Бейшеналиев бүгүнкү жолугушуу натыйжалуу болуп, фонддун башкаруу процессине ар дайым өзгөрүп турган медициналык коркунучтардын шартында дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү болгон олуттуу жыйынтыктарды алып келээрине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий