• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ысык-Көлдө үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Кызы-Өрүк айылында үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майга караган түнү өспүрүмдөрдүн бири таятасына таандык Daimler Chrysler автунаасын уурдап чыккан. Кызыл-Өрүк айылынын чыгыш тарабындагы "Улан" эс алуу жайына баруучу жолдогу бурулушта айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, ала салып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында 3 адам (эркек балдар) окуя болгон жерден каза болгон.

Кырсык Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий