• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Орозайым Нарматова көрсөтмө бергенден кийин бошотулду

Коом 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Активист Орозайым Нарматова көрсөтмө бергенден кийин бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөө тапшырмасынын алкагында жаран Орозайым Нарматова көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

«Соттук өндүрүш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан, анда О.Нарматова күбө катары суралып, тиешелүү тергөө иштери бүткөндөн кийин жаран Орозайым Нарматова бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Ош аэропортунан кармалган. Кийинчерээк ИИМ ал аймактар ​​аралык кастыкты козутуу үчүн жооптуу катары кармалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий