• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Айдоочулардын ээсине! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 1-3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75 жана 89-101-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий