Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Келечек кварталынын аймагында Баткен ШИИБнин милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө, коомдук тартипти сактоо, маркумду жерге коюуда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасына жергиликтүү тургундар тарабынан 6 оозеки кайрылуу катталды.

Пикир

Оставить комментарий