• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалда күйөөсү менен урушуп кеткен аял көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган – Бишкек ШИИБ

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жалда күйөөсү менен урушуп кеткен аял көп кабаттуу үйдөн секирүү аракетин жасаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык милиция билдирди.

Учурда ал аял №3 ШМБга жагдайды аныктоо үчүн жеткирилди.

“Башында биз бул жашы жете элек кыз деп ойлогонбуз, кийин үй-бүлөлүү экени аныкталды. Паранжа жамынат. Ал күйөөсү менен урушуп кетип, таарынычын ушундай жол менен көрсөткөн. Учурда чатырдан түшүрдүк, баар жакшы”, - деп билдиришти Бишкек ШИИБден.

Белгилей кетсек, Жал кичи районундагы курулуп бүтө элек үйдүн чатырында аял жерге секирем деп коркутуп турганындыгын күбөлөр айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий