Жамин Акималиев: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – кылымдын курулушу

Коом 0

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун чогуу куруу жөнүндө 2024-жылдын 6-июнунда Пекинде кол коюлган келишим боюнча эмнегедир коомчулукта кызуу талкуулар байкалбайт. Чындап келгенде, кеп кылымдар бою кызмат кыла турган эл аралык туруктуу катташуу жөнүндө болуп жатат. Бул орчундуу маселе боюнча мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөр 25 жылдан бери жүрүп келген. Азыр болсо ошондой талаш-тартыш пикирлерге чекит коюлду.

Бул жагынан президент Садыр Жапаровдун жасаган натыйжалуу иштерин айта кетпесек, калыстык болбой калат. Ал кишинин бийликке келиши менен темир жол маселеси ордунан жыла баштады. Бул үчүн бир жагынан Кытайдын, экинчи жагынан Өзбекстандын биринчи жетекчилери менен ишеничтүү мамилени түзүү керек болду. Чындыгында ал кезде коңшу Өзбекстан менен байланыш анча канааттандырарлык эмес эле. Ошого карабастан Садыр Жапаров Шавкат Мирзиеёв менен темир жолду куруу боюнча бат эле тил табышып кетти. Эки тарап тең мындан чоң пайда келерине көздөрү жетти.

Ошентип, 2022-жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинде темир жол куруу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Ал эми 2023-жылдын ортосунда бул маанилүү магистралдын долбоорунун техника – экономикалык негиздемеси иштелип чыкты жана курулуштун керектиги бардык тараптан таанылды.

2024-жылдын 6-июнунда келишимге кол коюлгандан кийин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Өзбек Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеёв атайын кайрылуу жасашты. Анда Кашкар – Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад – Анжиян багытында курулуучу темир жол товарларды ташуунун бир жылдык көлөмүн 15 млн тоннага чейин көбөйтө алышы өзгөчө белгиленди. Бул деген жаңы өндүрүш ишканаларын жана он миңдеген жумушчу орундарын камсыз кылып, жашап жаткан элдердин турмушун бир кыйла жакшырта алат. Кыргызстан болсо товарларды өзүнүн аймагында темир жол менен ташуунун эсебинен эле жыл сайын 200 млн долларга чейин пайда табат.

Ошентип, көп жылдардан бери топтолуп тоңуп турган муздар ээрип, биздин мамлекет туруктуу өнүгү жолуна түшө баштады. Тилекке каршы, келечекти аныктаган мындай долбоордун ишке ашышы айрым атуулдарыбызга жаккан жок. Алардын ою боюнча, “мындай зор долбоор биздин чоңдордун ойлоп тапкан кезектеги эле “жомогу”, ошондуктан ал эч качан ишке ашпайт”.

Мындай тескери ойлорго мен тап-такыр эле кошула албаймын. Анткен себеби, бизде 167 чакырым аралыктагы Фрунзе – Кант – Токмок – Рыбачье темир жолун куруу боюнча бай тажрыйбабыз бар. Болгондо да мындай курулуш согуш кызуу жүрүп жаткан мезгилде жүргүзүлгөн. Боом капчыгайынан өткөн бул татаал жол айыл-кыштактарда иштеген аялдар, баладар жана согуштан жарадар болуп келген эркектердин күчү менен курулган. Иштин баары кара күч жана кетмен-күрөктөр менен аткарылган. Ушундай элден айланса болот.

Бул жөнүндө мага 1938-жылдан 1978-жылга чейин, башкача айтканда, 40 жыл өкмөттү жана мамлекетти башкарган Төрөбай Кулатов кеңири айтып берген. Ал мындай болуптур. 1940-жылы Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары болуп Алексей Вагов иштеп турган кезде Төрөбай Кулатовду атайын тапшырма менен Москвага жөнөтүшөт. Максат – токтоп калган темир жолду Канттан Токмокко, андан ары Рыбачьега чейин жеткирүү болуп эсептелген. “Мындай тапшырманы аткаруу Кулатовдун гана колунан келет, себеби ал жөнөкөй жумушчудан көтөрүлгөн жетекчи, ошондуктан аны Иосиф Виссарионович Сталиндин өзү кабыл алышы мүмкүн” деген корутундуга келишет.

Москвага барганда Кремлдин кызматкерлери “Сталиндин мойнунда толгон-токой өзгөчө маанилүү мамлекеттик жумуштар бар, анын ар бир мүнөтү алтынга барабар. Ошон үчүн Совнаркомдун төрагасы Молотовга барыңыз” деп Кулатовга айтышат. Макул деп барса, “бизде андай көп каражат жок” деп Молотов жолго аста узатып коет. Ошондо Төрөбай Кулатов аябай намыстанып шахтерлук мүнөзүн ачыкка чыгарат. “Мен кантип кайра Кыргызстанга куру кол барам. Эмне болсо да, Сталинге киришим керек” деп анын кабыл алуу бөлмөсүнө барат. Барса, Сталиндин 20 жыл чогуу иштеген жеке жардамчысы Александр Поскрёбышев отурган экен. Кулатов ага арманын айтып, киргизип коюусун аябай суранат. Поскрёбышев кантсе дагы Кулатовдун алыстан келгенин жана жөнөкөйлүгүн эске алып, “бир жума күтсөңүз, кабыл алдырууга аракет кылайын” деп убадасын берет. Кулатов “Москва” мейманканасына жайгашып, 6 күн күтөт. Анан “эми болбой калды го" деп башын жерге салып олтурса, Поскрёбышев телефон чалып, “атайын машине жиберем, Кремлге келе калыңыз, жолдош Сталин сизди түнкү саат 1де кабыл алат”, дейт. Мурда Сталинде болбогон Кулатов титиреп-калтырап араңдан зорго кабинетине кирсе, Сталин ордунда олтурбай ары-бери басып турган экен. Кулатов менен жылуу учурашып, Кыргызстандагы акыбалды жана элдин турмушун сурайт. Андан кийин эле кескин түрдө суроо берет:

- Эмне маселе менен мага келдиңиз, жолдош Кулатов?

- Темир жолду куруу боюнча келдим, жолдош Сталин, деп Кулатов жооп берет.

- Мындай чарбачылык маселе боюнча өзүңүздүн начальнигиңиз Молотовго кирсеңиз болмок экен.

- Ал кишиде болдум, жолдош Сталин. Бирок каражат жок деп, маселе чечилбей калды.

- Балким, жолдош Молотов туура айткандыр. Себеби силер темир жолду тоолуу жерге курасыңар да, андай болгондо иш кымбатка турат.

- Жолдош Сталин, бизге болоттон жасалган релстерди жана шпалаларды берсеңиздер, темир жолду өзүбүздүн эле күчүбүз менен куруп алат элек.

Сталин бир аз ойлонуп туруп, Молотовго телефон чалыптыр: “Вячеслав Михайлович, азыр менде Кыргызстандан келген жолдош Кулатов олтурат. Ал эгерде биз тийиштүү материалдарды бөлүп берсек, жолду өзүбүз эле курат элек дейт. Балким, макул болсок кандай болот?”. “Жарайт, жолдош Сталин!” де, Молотов жооп берет. Муну уккан Кулатов, бир аз эсинен тана түшөт. Аны байкап калган Сталин, күлүмсүрөп туруп, Кулатов менен коштошот. Эми ал кезде Сталиндин сөзүн эки кылган киши жокко эсе эле. Буга далил, туп туура 3 айдан кийин 1940-жылдын 30-ноябринде Кыргызстанда Кант-Рыбачье темир жолун куруу боюнча ВКП(б)нын Борбордук комитетинин жана СССР Совнаркомунун атайын токтому чыгып, ага Сталин өзү жана Молотов кол коюшат.

1941-жылын 22-июнунда Уулу Ата Мекендик согуш башталып, болгон күчтүн бардыгы душманды жеңүүгө жумшалат. Бүткүл өлкө жана эл “Бардыгы - Жеңиш үчүн!” деген ураандын астында күн-түн дебей иштешет. Ошого карабастан, Кыргызстанда темир жолду куруу токтоосуз жүрүп турган. Анткени, Сталиндин тапшырмасына ылайык жабдыктар жана материалдар жогору жактан үзгүлтүксүз келип турган. Курулушту болсо карапайым эл эле бүтүргөн. Төрөбай Кулатов минтип айтып калчу эле: “Чындыгында эле, темир жолду биз өз күчүбүз менен курдук, бирок жолдош Сталиндин жардамы менен”.

Андан бери 79 жыл өттү. Ызгарлуу согуш жылдарында сапаттуу курулган Бишкек – Балыкчы темир жолу азыркыга чейин элге кызмат кылып келет. Эми өткөн кылымдын татаал мезгилинде жол курган кыргыздар 21 кылымда аны кура албайт калат беле? Анын үстүнө азыр эл аралык Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө сөз болуп жатат. Кытай болсо, өзүнүн экономикасынын дарамети боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирүүдө. Биздин ыйык милдетибиз - ушундай кылымга тете курулушту кубаттап, анын тез арада бүтүшүнө көмөк көрсөтүүдө турат.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, Жамин Акималиев

Пикир

Оставить комментарий