• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жумгал району күз-кыш мезгилине даяр – "Кыргызжылуулукэнерго"

Коом 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Болот Жусупбеков Жумгал районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Сапардын алкагында "Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалынын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин текшерип, жеринде маалымат алды.

Бүгүнкү күндө "Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы" филиалында көмүр менен иштеген "Сапарбекова 88" жана "Сапарбекова 100-101" отканаларында жана бир электр энергиясы менен иштеген отканасында оңдоп-түзөө иштери 100 пайызга бүткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даяр.

Маалыматка ылайык, Жумгал участкасы боюнча жалпысынан 3 откана бар. Анын ичинен экөө көмүр менен жана бирөө электр энергиясы менен иштейт. Учурда бир откана техникалык тейлөөдө. Ал эми жылуулук менен камсыздалуучу абоненттердин саны 48, анын ичинен 10ну бюджеттик уюмдарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий