• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бүгүндөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштады

Коом 0


Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкектен Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган поезд каттай баштады.

Алгачкы жүргүнчүлөр таңкы саат 07:40та Балыкчыга жөнөп кетишти, поезд Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан станцияга саат 11:42де келет. Поезддин курамында жети вагон бар, 185 жүргүнчү түштү.

Ал эми Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке саат 21:50дө келет.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашкандай, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө аткарылып турат.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот: 0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

Пикир

Оставить комментарий